11.01.21

Казакстанда Мажилис (парламент) жана маслихат органдарына (жергиликтүү бийлик органдарына)  депутаттарды шайлоо болуп өттү.

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Сабила Мустафинанын берген маалыматы боюнча, 2021-жылдын 10-январь күнү өлкөдө болуп өткөн парламенттик жана жергиликтүү бийлик органдарына болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча, “Нур отан” саясий партиясы 71,09% пайыз, “Адал” партиясы 3,57% пайыз, Казакстандын демократиялык “Ак Жол” партиясы 10,95% пайыз жана “Казакстан элдик партиясы” 9,10% пайыз шайлоочулардын добушун алышкан.

Эскерте кетсек, жалпысынан республикада 10, 060 шайлоо участкалары ачылган, мындан тышкары Казакстандын чет өлкөлөрдө (53 мамлекетте) жайгашкан өкүлчүлүктөрүндө 66 даана шайлоо участкалары дагы ачылган болучу.

http://kabar.kg/news/v-kazakhstane-partiia-nur-otan-bezuslovnyi-lider-po-predvaritel-nym-itogam-vyborov/