21.01.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Түркстан облусуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, Түркстан шаарынын инфраструктуралык объектилеринин курулушу иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу,  Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы инвестициялык долбоорлордун алкагында ишке ашырылып жаткан “Караван сарай” көп функционалдык туристтик комплекси, эл аралык стандартка жооп берген көп тармактуу (570 орундуу)  ооруканасы, Казак драма театры, облустук илимий жана универсалдуу китепканасы, тунгуч президент атындагы парк жана ботаникалык бактын курулуш иштери менен таанышып чыкты.

Аскар Мамин мындан тышкары, буга чейин пайдаланууга берилген  “Hampton” мейманканасы жана “Эл аралык туризм” университетинде болуп алардын ишмердүүлүгүн көрүп чыкты.

Премьер-министр облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана Түркстан шаарында жаз айларында өткөрүлүүсү пландаштырылып жаткан, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) саммитине даярдыктар боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчысынын катышуусунда, Түркстан облусунун акимчилиги менен “Artel Electronics” (Өзбекстан)  жана “Orbis Kazakhstan” компанияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча келишимге кол коюу иш чарасына катышты.

Келишимге ылайык, облустун аймагында ашкана мештерин курууда колдонулуучу плиталары жана электр суу жылыткычтарын чыгаруучу заводдун курулушу ишке ашырылмакчы.

Заводдун курулушуна 36 миллиард теңге көлөмүндө инвестиция жумшалат. Ишкана ишке берилгенден кийин 2,100 жаңы жумушчу орундары түзүлөт.

Эскерте кетсек, 2020-жылы Түркстан облусуна келген  негизги  инвестициянын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 3,8 эсеге көбөйүп, 367,6 миллиард теңгени түзгөн. Инвестициялардын негизги бөлүгү туризм, логистика жана кыймылсыз мүлк тармактарына багытталган.

Курулуш иштеринин көлөмү 65,8% пайызга жогорулап, 299,9 миллиард теңгени түзгөн. Түркстан облусу жалпы өлкө боюнча, келген инвестициялардын көлөмү жана ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү боюнча өткөн жылы алдыңкы орунду ээлеген.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/mamin-proinspektiroval-razvitie-turkestana