22.01.21

Жакында Алматы шаарында “Аль-Фараби” илимий-техникалык өрөөнү (долина) пайда болот. Анын курулушуна, Түркиялык инвесторлор 1 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. Бул эл аралык долбоор Американын Калифорния штатында жайгашкан “Силикон” өрөөнүнө окшоштурулуп түзүлөт. Жаңы илимий-техникалык өрөөнү, Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин аймагында орун алмакчы.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстандын билим берүү тармагына мындай ири инвестиция тартыла элек болучу.

Жогорудагыдай илимий-технологиялык өрөөндөр дүйнөдөгү эң ири университеттердин базасында түзүлүп келген. Ал эми, Аль-Фараби атындагы  Казакстан улуттук университети болсо, Борбордук Азиядагы эң мыкты университеттердин бири болуп саналат. Долбоордун алкагында,  бүтүндөй илимий борбор курулмакчы.

Ал бир эле учурда үч кластерди бириктирет. Аларга: биомедициналык, инновациялык жана IT-парк тармактары кирет.

Түркиялык инвестор Осман Мимарсинаноглу мырза: “Бул абдан чоң долбоор жана биз аны ишке ашырууга 1 миллиард доллар инвестиция салууну көздөп жатабыз.

Келечекте бул жерде Түркиянын жана Казакстандын алдыңкы адистери иштешет. Жаңы курула турган илимий-техникалык өрөөндө, келечекте жогорку квалификациялуу адистер даярдалат. Биринчи этапта 500 жумушчу орунун түзүүнү пландап жатабыз, келечекте алардын санын 1 миңге жеткиребиз” – деп билдирди.

Жаңы илимий өрөөндүн бардык имараттары университеттин шаарчасында жайгашмакчы. Өзгөчөлөнгөн компьютерлер (супер компютерлер) үчүн атайын орун даярдалган. Ал компютерлер университетке, Кытай өкмөтү тарабынан грант катары берилет.

“Аль-Фараби” илимий-техникалык өрөөнүнүн аймагында,  илимий лабораториясы бар көп тармактуу медициналык клиника дагы курулат. Бул Түштүк Корея, Түркия, Канада жана Америка өлкөлөрүндөй дүйнөлүк деңгээлдеги медициналык кызматтарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Аль-Фараби атындагы Казакстан улуттук университетинин ректору Галимкаир Мутанов: “Пандемияга байланыштуу жана биздин медицинанын өнүктүрүү үчүн бул тармакка, дүйнөлүк деңгээлдеги адистерди жана инвестиция тартуу абдан маанилүү болуп эсептелет.   Президент Касым-Жомарт Токаев чет элдик инвесторлор менен түздөн-түз иштешүү керек экендигин дайыма белгилеп келет. Көп жылдык эмгектин натыйжасында, биз жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлүп жатабыз. Долбоор кийинки төрт жылдын ичинде ишке ашырылат” – деп белгилеп өттү.

Эскерет кетсек, инвесторлор жумуштун биринчи этабын ушул жылы баштоону ниеттенишүүдө. Имараттардын курулушу аяктагандан кийин, чет элдик компания объектилерди заманбап жабдуулар менен жабдып, Казакстандын менчигине өткөрүп бермекчи.

https://khabar.kz/ru/news/ekonomika/item/131272-na-sozdanie-nauchno-tekhnologicheskoj-doliny-al-farabi-ujdet-poryadka-1-mlrd-dollarov