28.01.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 28-январь күнү, казак алфавитин латын графикасына которуу боюнча,  Улуттук комиссиянын мүчөлөрү менен жыйын өткөрдү.

Көрүшмө учурунда, Улуттук комиссиянын мүчөлөрү сунуштаган    латын алфабитине өтүү боюнча акыркы варианты тууралуу пикирин билдирип келип:  “Латын алфавитинин өркүндөтүлгөн варианты, казак тилинин өнүгүшүнө жаңы дем берет жана анын заманбап тенденцияларга ылайык жаңылануусуна шарт түзөт. Жакынкы мезгилде, акырындык менен казак тилинин латын графикасына өтүүсү боюнча даярдык иштерин жүргүзүп баштоо керек” - деп белгиледи.

Премьер-министрдин  маалымат кызматынын билдиришинче, сунушталган алфавит казак тилинин жазуу жүзүндө колдонулган “бир үн - бир тамга” принцибине дал келет.

Жакшыртылган алфавитте латын алфавитинин негизги тутумунун 31 белгиси камтылып, казак тилинин 28 тыбышын толугу менен камтыйт.

Эскерте кетсек, казак тилинин алфавитин латын графикасына өткөрүү иштери, Казакстандын тунгуч президенти  Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен 2017-жылы башталган болучу.

Латын графикасына негизделген казак тилинин алфавитин өркүндөтүү боюнча, президент Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 21-октябрь күнү чыккан буйругун аткаруунун алкагында, кырктан ашык варианттар жана орфографиялык эрежелердин долбоору каралган. Жаңы алфавитке этап-этабы менен 2023-2031-жылдары өтүү пландаштырылууда.

https://liter.kz/kak-budet-vyglyadet-novyj-alfavit-kazahskogo-yazyka-na-latinicze/