02.02.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин төрагалыгы астында өткөн министрлер кеңешинин жыйынында,  аталган өлкөнүн Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов, Өзбекстан менен чектеш аймакта курулушу пландаштырылган эркин экономикалык зонасы тууралуу билдирүү жасады.

Бакыт Султанов, чек арага курулушу пландаштырылган эркин экономикалык зонасы үчүн керектүү жер бөлүнүп берилгендигин билдирип келип: “Курулушу пландалып жаткан эркин экономикалык зонасынын долбоорун ишке ашыруу үчүн бериле турган жер тилкеси, Өзбекстан тарап менен макулдашылды. Биз керектүү жер бөлүп бердик жана учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деп билдирди.

Мындан тышкары, Казакстандын Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов, эки өлкөнүн чек арасында курулушу пландалган “Борбор Азия” эл аралык эркин экономикалык зонасы, коңшу Өзбекстан менен чек ара соодасын өнүктүрүүгө салым кошуп, эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 10 миллиард долларга көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеп өттү.

https://www.ensonhaber.com/dunya/kazakistan-ozbekistan-sinirinda-orta-asya-uluslararasi-ticaret-merkezi-kurulacak