13.02.21

Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбут Атамкулов жана Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Сайдикрам Ниязходжаевдин ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Көрүшмө учурунда тараптар, эки өлкөнүн ортосунда курулушу пландалып жаткан жогорку ылдамдыктагы  “Түркстан-Чымкент-Ташкент” темир жолу каттамы тууралуу талкуулашты. Бул долбоор ишке ашырылган соң, эки мамлекеттин туристтик потенциалын жогорулатмакчы.

Мындан тышкары тараптар, Казакстандын Түркстан шаарынан Ташкент шаарына чейин созулган, жаңы автоунаа жолун курууну пландаштырууда.

Жолугушууда тараптар коронавирус пандемиясына карабастан, өлкөлөр ортосундагы авиа каттамдар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

Келечекте авиа каттамдардын санын көбөйтүү, ошондой эле Өзбекстандын Үргөнч, Самарканд, Нукус шаарларынан, Казакстандын Түркстан, Актау жана Тараз шаарларына чейин жаңы багыттагы аба каттамдарын ачуу пландаштырылууда.

Көрүшмөнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкүлдөрү, инфраструктуралык пландардан тышкары, өнөр жай долбоорлоруна дагы токтолушту. Алар жакынкы убактарда,  биргелешкен ишканаларды түзүү пландалып жаткандыгын билдиришти. Мисалы, Казакстанда машина куруучу, Өзбекстанда болсо фармацевтикалык продукцияны өндүрүүчү ишканалар пайда болмокчу.

Ошондой эле, Чымкент шаарында, дары-дармек жана гигиена каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу дагы пландаштырылууда.

https://centralasia.media/news:1682090