15.02.21

Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков жана Казакстандын Соода жана интеграция министри Бахыт Султанов “Гишт-Куприк” чек ара өткөрүү пунктунда жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн көп тармактуу кызматташуусун мындан ары дагы чыңдоого даяр экендиктерин баса белгилешти. Өткөн 2020-жылдын ноябрь айында Ташкент шаарында макулдашылган, Өзбекстан жана Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча “Жол картасын” ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин, ведомстволорунун ортолорунда бекитилген иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташуусунун механизмдерин аныкташты. Ошондой эле эки өлкөнүн чек ара аймактарында, соода жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган “Борбордук Азия” эл аралык соода-экономикалык кызматташуу борборун түзүү боюнча, долбоорду иштеп чыгуунун жүрүшү талкууланды.

http://infoshos.ru/ru/?idn=26680