16.02.21

Казакстан 2021-жылы 15,4 триллион теңге инвестиция тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу, Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев өкмөттүн жыйыны учурунда билдирди.

Асет Иргалиев: “Үстүбүздөгү 2021-жылы экономикалык өсүштү 3% пайыздык деңгээлинде камсыз кылуу милдети турат. Бул үчүн ар бир тармак жана аймактар боюнча максаттуу пландар аныкталды. Ошондой эле, негизги милдеттердин бири 15,4 триллион теңге көлөмүндө инвестиция тартуу болуп эсептелет. Эгерде бул максат ишке ашырылса, ички дүң продуктунун өсүшүн (ИДП) 20% пайыздык деңгээлинде өсүшүн камсыз кылат. 2021-жылы курулуш тармагына 725 миллиард теңге өлчөмүндө инвестиция тартып, анын негизинде 662 миң чарчы метр турак-жайлар пайдаланууга берүү пландаштырылган. Натыйжада, курулуш тармагында болжол менен 34 миң жумушчу оруну түзүлмөкчү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылы 17 даана билим берүү тармагына тиешелүү  жана 11 даана саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү объектилеринин курулушу аяктайт. Автоунаа жолдорунун сапаттык абалын жакшыртууну 85% пайызга чейин жеткирүү пландаштырылууда”, - деп билдирди.

Министрдин айтымында, 2021-жылы 35 айылдын социалдык жана инженердик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 75 даана долбоорду ишке ашыруу пландаштырылууда. Бул 70 миңге жакын айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртып жана миңден ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк бермекчи.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/kazahstan-planiruet-privlech-15-trln-tenge-investitsii-v-2021-godu