22.02.21

Казакстан Кыргызстандын Талас облусунун аймагында жайгашкан “Маймак” эркин экономикалык зонасынын аймагында, нефтини кайра иштетүүчү завод курууну каалайт. Мындай сунушун “Темирлан-Ойл” компаниясынын башкы директору Мухит Оразбаев Кыргызстандын президенттинин аппараты өткөргөн  жыйыны учурунда билдирди. Жаңы завод Казакстандын “Кумколь” мунай кенинде өндүрүлгөн нефтини кайра иштетүү үчүн курулмакчы.

Жолугушуу учрунда тараптар нефтини акыркы заманбап талаптарга жооп берген технологиянын негизинде иштетүү керек экендигин белгилешти. Мындан тышкары, экологиялык жана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптарынын алкагындагы милдеттенмелерди аткарууну эске алуу менен инвестиция тартуу зарылдыгы баса белгиленди.

Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев, мамлекет тарабынан  ар дайым өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон жана жумушчу орундарын түзгөн инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын колдоого жана коргоого кепилдик берет тургандыгын баса белгилеп өттү.

Тараптар мунайзат продуктуларын өндүрүү технологияларынын деңгээлин жогорулатуу боюнча инвестициялык саясатты канааттандырарлык деп баалап, инвестициялоонун шарттарын мындан ары дагы жакшыртууну макулдашышты.

https://economist.kg/2021/02/22/zavod-po-pererabotke-kazahskoj-nefti-predlozhili-postroit-v-sez-talasa/