07.03.21

Нур-Султан шарында 2021-жылдан тарта бешинчи муундагы 5G стандартындагы уюлдук байланышы пилоттук режимде иштей баштайт. Бул тууралуу,  “Sputnik”  маалымат агенттиги билдирди.

Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министринин орун басары Асхат Оразбектин айтымында, уюлдук операторлор 5G стандартын пилоттук түрдө ишке киргизүүгө даяр.

Асхат Оразбек: “2022-жылдын аягына чейин биз 5G стандартын республикалык маанидеги шаарларыбызда ишке киргизүүнү пландап жатабыз. Ал эми, 2025-жылга чейин бардык облустардын борборлорун камтууну пландап жатабыз. Өз кезегинде биз, 5G стандарты үчүн жыштыктарды бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун иштеп чыктык”, - деп белгилеп өттү.

Буга чейин Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 5G стандарты, беш жылдын ичинде Казакстандын ири шаарларында пайда болот деп билдирген болучу.

Эскерте кетсек, 5G учурда колдонулуп жаткан 3G жана 4G стандарттарын келечекте алмаштыруучу бешинчи муундагы уюлдук байланыштын кыскартылган аталышы болуп эсептелет. Ал көптөгөн технологияларды камтыйт, алардын көпчүлүгү азыркы мезгилде дагы иштелип жаткан учуру. 5G стандартын  киргизүүнүн эң маанилүү натыйжасы болуп, маалыматтарды алмашуунун ылдамдыгынын олуттуу жогорулашы болуп эсептелет.


https://ru.sputnik.kg/asia/20210307/1051691935/kazakhstan-5g-zapusk.html