16.03.21

Казакстанда 2025-жылга чейин мунай-химия продукциясын өндүрүүнү 5,5 эсе көбөйтүү пландаштырылууда. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министри Нурлан Ногаев өкмөттүн жыйынында учурунда билдирди.

Нурлан Ногаев белгилегендей, 2025-жылга чейин мунай-химия тармагын өнүктүрүүнүн улуттук долбоорун иштеп чыгуу пландаштырылууда. Анын негизинде, бул тармактагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө басым жасалып жана андан ары карай өнүктүрүүгө мүмкүндүк  бермекчи. Тактап айтканда анын айтымында, тармака тиешелүү долбоорлорду чийки зат менен камсыздоо, мунай-химиясынын кластерин түзүү жана бул тармакты өнүктүрүүгө көңүл буруу пландаштырылууда.

Нурлан Ногаев: “Өкмөт менен инвестордун ортосунда инвестициялык келишимди иштеп чыгуу пландаштырылууда, анын негизинде мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн бир документке топтоого мүмкүндүк берет. Жогорудагы  келишим ишке ашырылса, 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылга чейин өлкөдө мунай-химия продукциясын өндүрүүнүн көлөмүн 5,5 эсеге көбөйтүүгө түрткү болот жана  2 миллион тоннадан ашык продукцияны өндүрүүгө шарт түзөт”, - деп билдирди.

Министр жарыяланган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тартыла турган инвестициянын көлөмү болжол менен 3,9 миллиард доллар акча каражаты керектелет. 

Казакстандын Энергетика министри Нурлан Ногаев: “Долбоорлорду ишке ашырууда курулуш иштеринде  6 миңден ашуун жумушчу орундар түзүлөт. Ал эми, заводдор ишке берилген соң 2 миңге жакын жаңы туруктуу жумушчу орундары түзүлөт”-деп  белгилеп өттү.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/rekordnii-rost-proizvodstva-neftegazohimicheskih-produktov-prognoziruut-k-2025-godu-v-kazahstane