05.04.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин жана Татарстандын президенти Рустам Минниханов Казакстандын Караганда облусунда жайгашкан Саран шаарында, автоунаалардын дөңгөлөгүн чыгаруучу заводдун курулуш иштерин баштоо аземине катышышты. Бул тууралуу, Казакстан өкмөтүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Заводду куруу иштерин  Казакстандык “KamaTyresKZ” жана  Татарстанга тиешелүү болгон “Татнефть” компаниялары биргелешип ишке ашырып жатышат.  Биринчи этабында завод жылына 3,5 миллион  дөңгөлөк өндүрүп баштап андан соң кийинчерээк  жылына 9 миллион даанага чейин көбөйтүлөт.

Заводдун иштеп башташы, Казакстанда автомобиль өндүрүшүнүн деңгээлин жогорулатып жана дөңгөлөк сатып алуу импорттун кыскарттмакчы. Ошол эле учурда, продукциянын 40% пайызын экспортко чыгаруу пландаштырылууда. Заводдун курулуш иштери 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Коротулган жалпы инвестициянын көлөмү 125 миллиард теңгени түзөт.

Заводдо 1,100 ашуун жогорку квалификациялуу жаңы жумуш орундары пайда болот.

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин дөңгөлөктөрдү чыгаруучу заводду куруу долбоору, Казакстан жана Россиянын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгынын конкреттүү түрдө кеңейип жаткандыгынын далили  экендигин баса белгиледи.

Аскар Мамин: Саран шаарындагы дөңгөлөктөрдү чыгаруучу заводдун курулушу, Караганда облусунун жана жалпы Казакстандын экономикасына мультипликативдик таасирин тийгизип, анын атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана жаңы квалификациялуу жаңы жумушчу орундарын түзөт. Завод аймактагы эң ири ишканалардын бири болуп калат, анын продуктулары жогорку экспорттук потенциалга ээ болот, - деп белгилеп өттү.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов өз кезегинде, Казакстан Татарстандын алдыңкы чет өлкөлүк өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгилеп, 2020-жылы пандемияга карабастан, соода 14% пайызга өсүп, 630 миллион доллардан ашкандыгын  билдирди.

Караганда облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Татарстандын президенти Рустам Минниханов Казакстандын өкмөт башчысы менен биргеликте, Казакстандагы эң ири “Global City” дүң соода борборунун иши менен таанышып чыкты.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/mamin-i-minnihanov-dali-start-stroitelstvu-shinnogo-zavoda-v-sarani