12.04.21

Казакстандын байыркы Түркстан шаарында архаикалык белгиси бар “Керуен-Сарай” аттуу аймактагы эң ири көп тармактуу туристтик комплекси иштеп баштады. Анын ачылыш аземине 11- апрель күнү, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты. Бул тууралуу, 11-апрелде Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы  билдирди.

Көптөн күткөн инвестициялык долбоорду “Turkistan Tourizm City” компаниясы ишке ашырды. Курулуш иштери 2019-жылдын аягында башталган болучу. Тарыхый чыгыш шаарларына окшоштурулуп курулган бул туристик комплекс  “Азрет Султан” маданий борборунун аймагындагы, Кожа Ахмед Яссавинин күмбөзүнүн жанында жайгашкан. Комплекс 20 гектар жер аянтын ээлеп турат.

Жаратуучулардын пикирине ылайык, бул жерде Жибек Жолу доорунун атмосферасы заманбап тейлөө менен айкалышкан. Шаарда соодагерлер менен кол өнөрчүлөр жайгашкан көчөлөр менен сейилдеп, ат оюндарын көрүп, эски базарда соодалашууга болот. Ошол эле учурда, комплекстин курамында фирмалык бутиктер, мейманканалар, ресторандар, сулуулук салондору, спортзал, кинотеатр жана үй-бүлөлүк парктар кирет.

Премьер-министр Борбор Азияда мындай “Керуен Сарайлар” сыяктуу туристик комплекстер жок экендигин жана мындай комплексти куруунун максаты Түркстандын аймагына туристтерди жана инвестицияларды тартуу экендигин белгиледи.

https://bigasia.ru/content/news/society/turisticheskiy-kompleks-keruen-saray-otkrylsya-na-yuge-kazakhstana/