26.04.21

Казакстанда 26-апрель күнү калкты коронавируска каршы жергиликтүү “QazVac” вакцинасы менен эмдөө башталды. Дүйшөмбү күнү вакцинанын биринчи дозасын алгачкылардан болуп саламаттык сактоо министри Алексей Цой алды.

Апрель айынын башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россияда өндүрүлгөн “Спутник V” вакцинасын алган болучу. Өлкөдө бул вакцина менен эмдөө 1-февралда башталган.

Касым-Жомарт Токаев: “Биздин максатыбыз элге  мүмкүнчүлүк берүү. Андан кийин жарандар өздөрү тандайт, өздөрү эмдөөдөн өтөт”,- деп билдирген. Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, 26-апрелге карата Казакстанда коронавируска каршы 893,633 киши эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 165,997 адам эки дозасын тең алышкан.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой Жамбыл облусунда вакцина өндүрө турган заводдун курулушу уланып жатканын, азыркы учурда Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-иликтөө институту өз алдынча 50 миң доза вакцина өндүрүп жаткандыгын билдирди. Бүгүнкү күнгө чейин, жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина, Казакстандын башка аймактарына калктты эмдөө үчүн жеткирилип берилген.

Эскерте кетсек, расмий маалымат боюнча Казакстанда былтыр март айынан бери 361 миң киши COVID-19 вирусун жуктуруп алган 4,300  адамдын өлүмүнө коронавирус себепчи болгон.

https://www.kazpravda.kz/news/obshchestvo/massovaya-vaktsinatsiya-otechestvennoi-vaktsinoi-qazvac-startuet-v-kazahstane