28.04.21

Казакстандын мажилиси (парламент) пленардык жыйынында, Казакстан өкмөтү менен Азербайжандын өкмөтүнүн ортосундагы миграция тармагында кызматташуу боюнча макулдашууну ратификациялоону жактырды. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz.” маалымат агенттиги билдирди.

Мыйзам долбоорунун корутундусунда белгиленгендей, макулдашууга ылайык, тараптар миграция жаатында кызматташат. Мыйзамга ылайык, эгерде Казакстандын жарандары Азербайжандын аймагында жашаган болсо, анда ал жарандардын укуктары кеңири корголот. Ошондой эле көрүнүш  Казакстанга дагы тиешелүү болуп эсептелет.

Ошондой эле тараптар өз мамлекеттеринин мыйзамдарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык маалыматтык кызматташууларды дагы ишке ашырышмакчы.

Мыйзам долбоорунда “Эки мамлекеттин миграция мыйзамдарына ылайык, маалымат алмашуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, анын ичинде миграциялык процесстерди жөнгө салууну жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү уюштурууга багытталган”- деп айтылат корутундуда.

https://www.kazpravda.kz/news/politika/kazahstan-i-azerbaidzhan-budut-sotrudnichat-v-oblasti-migratsii