05.05.21
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой  Жамбыл облусуна курулган, Казакстанга таандык “QazVac” вакцинасын чыгаруучу завод  жылына 60 миллион дозага жакын  вакцина менен өлкөнүн муктаждыгын камсыздай тургандыгын мажлистин (парламент) депутаттары менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу,  “Казинформ” маалымат агенттиги кабарлады.

Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой: “Мурда биз жарыялаган  планга ылайык, Илимий-изилдөө институтунун базасында ай сайын 100 миң даана вакцинанын дозасы өндүрүлүп жаткан учуру. Келечекте Жамбыл облусунда вакцина чыгаруучу заводубуз ишке берилгенден кийин,  жылына болжол менен 60 миллион доза вакцина өндүрүп баштайбыз”-деп белгилеп өттү.

Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, болжол менен  2021-жылдын аягына чейин заводду толук кандуу текшерүүдөн өткөрүү жана  өндүрүштү толук кандуу ишке киргизип пилоттук вакцинанын алгачкы партиясын чыгаруу иштери пландалган. Андан кийин заводдун ишине баа берилип, вакцинаны массалык түрдө өндүрүү иштери башталмакчы.

https://www.inform.kz/ru/zavod-po-proizvodstvu-qazvac-smozhet-obespechivat-okolo-60-mln-doz-v-god-aleksey-coy_a3784537