08.05.21

Түркиялык “TAV Airports Holding” компаниясы Казакстандын “Алматы” эл аралык аэропортунун 100 пайыз акциясын сатып алды. Бул тууралуу “Tengrinews.kz” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматта, аэропорттун келишим баасы 415 миллион долларды түзгөн. Аэропорттун акцияларын “TAV Airports Holding” компаниясына  толугу менен  өткөрүп берүү иштери, бардык юридикалык процедуралар аяктагандан кийин иш жүзүнө ашырылмакчы.

 “TAV Airports Holding” компаниясынын   президенти  Сани Шенер мырза, “Алматы” эл аралык аэропорту Азия менен Европанын ортосундагы негизги транзиттик түйүн экендигин белгиледи.

Сани Шенер: “Казакстан географиялык жана экономикалык жактан алганда аймактагы эң ири өлкө. Алматы шаары Казакстандын ички дүң продуктусунун (ИДП)  20 пайызын түзгөн өлкөдөгү эң ири шаар болуп саналат. Мындан тышкары, ал Кытайды, Европаны жана Африканы байланыштырган “Заманбап Жибек Жолунун” борбору болуп эсептелет. Анын жакшы потенциалы бар жана биз өз билимибизге таянып өнүктүрүү үчүн иштейбиз”, - деп белгилеп өттү.

https://24.kg/obschestvo/152240_aeroport_goroda_almatyi_prodali_turetskoy_kompanii/