12.05.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-май күнү, “KAZ Minerals” компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Олег Новачук. менен жолугушту. Көрүшмөнүн жүрүшүндө  Олег Новачук президентке “Актогай” тоо-кен комбинатынын курулуш-монтаждоо иштеринин экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу “Акорда”  маалымат кызматы билдирди.

Басма сөз кызматы белгилегендей, курулуп жаткан тоо-кен кобинатында заманбап инновациялык технологиялар жана санариптик ыкмалар колдонулат. Заманбап технологиялардын колдонулушу “Актогай” тоо-кен комбинатын  жездин концентратын өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдынкы ишканаларга айландырат.

Жолугушуунун жүрүшүндө, комбинаттын курулушуна 1,2 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция сарптала тургандыгы белгилүү болду. Жакынкы келечекте тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайынын гиганты 1,200 адамды жаңы жумуш орду менен камсыз кылмакчы. Ошондой эле, жумушчулар үчүн жагымдуу эмгек шарттары, тамак-аш жана ыңгайлуу эс алуу үчүн баардык шарттар түзүлөт.

Касым-Жомарт Токаев “KAZ Minerals” компаниясынын жетекчилигине комбинатты, Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүүнү тапшырды. Олег Новачук президенттин берген буйругу убагында  аткарылып, объект кыска мөөнөттө толук кубаттуулукта ишке бериле тургандыгына ишендирип кетти.

https://centralasia.news/9646-ko-dnju-nezavisimosti-v-kazahstane-pojavitsja-novyj-gigant-gornoj-industrii.html