03.08.21

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Түркия Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн тизмесинде бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу, Казакстандын Каржы министрлигине тиешелүү Мамлекеттик кирешелер комитетинин маалымат кызматы билдирди.

2021-жылдын январь-июнь айларында Казакстандын тышкы соодасынын көлөмү, өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайызга, (34 миллиард 383,3 миллион доллардан 33 миллиард 790,9 миллион долларга) кыскарган.

Бул мезгил ичинде, Казакстандын экспортту 1,5% пайызга кыскарып, (жалпы 23 миллиард 428 миллион долларды түзгөн), импорт 2,2% пайызга  (жалпы10 миллиард 362,8 миллион долларды түзгөн) азайган.

Казакстан учурда 180 өлкө менен тышкы соода алакаларын жасап келет. Алардын негизгилери болуп Россия (8 миллиард 581,6 миллион доллар), Кытай  (8 миллиард 307,4 миллион доллар), Италия (3 миллиард 902,3 миллион), Нидерландия (2 миллиард 277,3 миллион), Түркия  (1 миллиард 788 миллион доллар) өлкөлөрү эсептелет.

Буга чейин Түркия Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн арасында алтынчы орунду ээлеп келсе, 2021-жылдын биринчи жарымында бешинчи орунга көтөрүлгөн.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Казакстан жана Түркиянын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 5,3 пайызга өскөн. 2020-жылдын январь-июнь айларында өлкөлөр ортосундагы тышкы сооданын көлөмү 1 миллиард 698,4 миллион долларды түзгөн.

https://www.aa.com.tr/ru/