08.09.21

Түркиялык инвесторлор,  Казакстандын  химиялык өндүрүш тармагында бир нече долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатышат. Бул тууралуу, Түркиялык “Brımstone” күкүрт өндүрүүгө адистешкен компаниясынын негиздөөчүсү Эфе Мунип Нурдогду, “Kazakh Invest NС” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Мейржан Юсупов менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди.

Инвесторлор   Казакстандын батыш облусунун аймагында күкүрт бентонит (жерди семиртүүдө колдонулуучу химиялык зат) химиялык затын өндүрүүнү ниетенишүүдө. Инвестициялардын жалпы суммасы болжол менен 10 миллион доллар болот деп пландаштырылган.

Компаниянын негиздөөчүсү Эфе Мунип Нурдогду долбоорду 2021-жылдын аягында баштоо ниетин билдирген. Инвестор бул тармактын негизги артыкчылыктары жана долбоордун экспорттук потенциалы тууралуу маалымат берди.

Эфе Мунип Нурдогду: “Казакстанда күкүрттүн жетиштүү запасы бар. Бирок, биз үчүн дагы, жалпы өлкө үчүн дагы чийки затты терең иштетип андан соң экспортко алып чыгып сатуу алда канча максатка ылайыктуу. Казакстан бул долбоорду ишке ашыруу үчүн абдан ыңгайлуу инвестициялык аянтча болуп эсептелет. Биз бул өлкөдө чоң жана тез өнүгүп жаткан рынокторго чыгуу үчүн чоң потенциалды көрүп турабыз. Бизди Кытай, Европа жана Россиянын рыноктору дагы кызыктырат”, - деп белгилеп өттү.

 “Kazakh Invest” башкармалыгынын төрагасы Мейржан Юсупов, мамлекет тарабынан инвестицияларды  колдоолор жана берилген  жеңилдиктер тууралуу кеңири айтып берди.

Мейржан Юсупов: “Казакстанда химия өнөр жайын өнүктүрүүнүн чоң келечегин бар. Буга байланыштуу биз бул тармакта инвестициялык сунуштарды даярдадык. Бүгүнкү күндө  600 миллион долларга бааланган 9 долбоор бар. Баардык  долбоорлор инвесторлордун демилгеси менен даярдалган. Өз кезегинде, “Kazakh Invest” баардык долбоорлорду ишке ашырууга  жана андан кийинки бардык этаптарында толук колдоону жана тейлөөнү камсыз кылат”,-деп белгилеп өттү.

Түркиялык компания “КазМунайГаз”, “Тенгизшевройл”, “КРО” жана башка мунай өндүрүүчү ири компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ниетенүүдө. Мындан тышкары, Түркиялык инвесторлор жумушчу сапарынын жүрүшүндө, Атырау облусунун  инвестициялык потенциалы менен таанышып, жаңы келечектүү долбоолорду ишке ашырууну   пландап жатышат.

Эскерте кетсек, “Brimstone” компаниясы 2017-жылы Түркиянын Измир шаарында негизделген. Күкүрт жана аны менен байланышкан химиялык продукцияларды өндүрөт. Күкүрт заводу Измирде жайгашкан. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу айына 6000 тоннаны түзөт.

https://kapital.kz/economic/96249/turetskiye-investory-khotyat-realizovat-v-rk-proyekt-v-otrasli-khimproma.html