09.14.21

Казакстанда 2021-жылдын 8 айында нефть жана конденсат өндүрүүнүн көлөмү 56,1 миллион тоннаны түздү (план 99,3% пайызга аткарылган). Бул тууралуу Энергетика министри Магзум Мирзагалиев өкмөттүн жыйынында  билдирди.

Магзум Мирзагалиев: “Отчеттук мезгилдин планы жарым-жартылай аткарылбай жатат. “Карачаганак”  кенинде  артта калуу бар, бул оңдоо иштерине байланыштуу болду”, - деп билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын алгачкы 8 айында, “Тенгиз” мунай кенинде 17,1 миллион тонна нефти өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч алдыга коюлган пландын 100% пайызын түзөт. “Кашаган” кенинде мунай өндүрүүнүн көлөмү 10,2 миллион тоннаны (план 102% пайызга аткарылган)  түзгөн. 

Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев: “Жыл башынан бери  44 миллион тонна мунай экспорттолуп, 8 айдын планы 100% пайызга аткарылды. Газ жөнүндө айта турган болсок, отчеттук мезгилде 35,5 миллиард куб метр газ өндүрүлгөн, бул үстүбүздөгү жылдын пландалган көрсөткүчүнүн 98% пайызын түзөт. Өлкө ичинде газдын керектөөнүн көлөмү 11,6 миллиард куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 12% пайызга жогорулаган”, - деп белгилеп өттү.

https://kapital.kz/economic/98708/za-8-mesyatsev-v-kazakhstane-dobyli-56-1-mln-tonn-nefti-i-kondensata.html