23.09.21

Казакстандын Машина куруучулар союзунун (СМС) төрагасы Мейрам Пшембаев Казакстанда 2021-жылдын машина куруу тармагынын көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу, “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги билдирди.

Жыл сайын өтүүчү машина куруучулар союзунун (СМС)   форумунда, Мейрам Пшембаев машина куруу тез өнүгүп жаткан өндүрүш тармактарынын бири бойдон кала берерин айтты.

Мейрам Пшембаев: “Тармакта өндүрүштүн көлөмү 2021-жылдын 8 айында, өткөн 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24% пайызга өсүп, 1,4 триллион теңгени түздү. Биздин болжол боюнча, ушул жылдын аягына чейин биз биринчи жолу 2 триллион теңгеден ашабыз”, - деп билдирип өттү.

Өзгөчө динамикалык өсүш айыл чарба техникаларын өндүрүүдө (300% пайыз), темир жол техникалары  (45% пайыз), электротехникалар   (28% пайыз), тоо-кен металлургия жана мунай жана газ техникалары (11% пайыз)  өндүрүлгөн.

Машина куруучулар союзунун (СМС) берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө машина куруу тармагында  3 миңден ашуун ишкана бар, аларда 119 миңден ашуун адам иштейт.

Жалпысынан алганда, Казакстанда машина куруу тармагындагы индустриялаштыруунун натыйжасында 10 жыл аралыгында  400 миллиард теңгеге бааланган 135 долбоор ишке ашырылган. Ал эми, 2025-жылга чейин 160 миллиард теңгеге бааланган 14 долбоор ишке ашырылуусу пландалууда.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 22-23-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында казакстандык машина куруучулардын IX форуму онлайн форматтында болуп өткөн.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/mashinostroenie-kazahstana-bet-rekordi-nesmotrya-na-pandemiu