14.10.21

Германиялык инвесторлор Казакстандын Мангыстау облусунда “жашыл” суутек (гидроген) өндүрүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашыруу боюнча жол картасына Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров баштаган делегациясынын Швецияга болгон иш сапарынын алкагында, Германиянын “SVEVIND” компаниясынын президенти Вольфганг Кропп менен болгон жолугушуусунда кол коюлду.

Инвестор 30 ГВт кубаттуулуктагы шамал жана күн электр станцияларын курууну жана өндүрүлгөн энергиялык ресурстарды жылына 2 миллион тоннага чейин суутек өндүрүүгө пайдаланууну пландап жатат.

Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров “SVEVIND” компаниясынын жетекчиси менен болгон жолугушуу учурунда: “Суутек энергетикасы келечекте өндүрүштүн бардык салттуу ыкмаларын алмаштыра турган келечектүү тармактардын бири болуп саналат. Учурда бизге шамал, күн, суу, жер жана ноу-хау сыяктуу бардык керектүү ресурстар стратегиялык инвестор болгон “SVEVIND” компаниясы аркылуу жеткиликтүү болууда. Бизди алдыда кызыктуу, масштабдуу жана татаал долбоорлор күтүүдө”- деп белгилеп өттү.

Казакстандан келген делегация иш сапарынын алкагында, “SVEVIND” компаниясынын Швеция өлкөсүндө учурда ишке ашырып жаткан долбоору болгон “Markbygden 1101” (Европада эң ири болуп эсептелет)  шамал станциясы менен таанышып чыгышты. 

Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында “SVEVIND” компаниясы Казакстандык “НК “KAZAKH INVEST” акционердик коому менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койгон. Документтин алкагында улуттук компаниянын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын инвесторлоруна долбоорду ишке ашырууда бардык этаптарда уруксаат алуудан баштап, ишке киргизүүгө чейин ар тараптуу колдоо жана ар тараптуу жардам көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, “SVEVIND” компаниясы табияттан энергия өндүрүү боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар Германиялык компания. Аталган компания, Европанын эң чоң шамал чыгаруучу комплексин “Markbygden 1101” шамал энергия (Швецияда) алган станциясын ишке ашырган. Энергия тармагында көп жылдык тажрыйбасы бар компания эл аралык рынокто ишенимдүү түрдө атаандашуу менен катар Швеция, Финляндия жана Германия өлкөлөрүндө иш алып барат.

https://kapital.kz/economic/99480/kazakhstan-mozhet-stat-krupneyshim-proizvoditelem-zelenogo-vodoroda-v-mire.html