11.10.21

Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин 2021-жылдын 9-10-октябрь күндөрү, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен барган. Бул тууралуу, Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы билдирди.

Абу-Даби шаарында,  Казакстандын өкмөт башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ)  вице-премьер-министр шейх Мансур бен Заид Аль Нахаян жана “Мамлекеттик институттарды жана холдингдердин өнүктүрүү” (ADQ) компаниясынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн жана соода-экономикалык, финансылык жана инвестициялык, энергетика, транспорт жана логистика, агроөнөр жай жана башка тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) компаниялары, Казакстанда жалпы наркы 3,5 миллиард долларга бааланган 11 ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга катышууда.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, экономиканын артыкчылыктуу секторлорундагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык,  жалпы баасы 6 миллиард доллардан  ашкан инвестиция, Казакстандын энергетика, агроөнөр жай, транспорт жана логистика, фармацевтика жана финансы секторлорундагы долбоорлорду ишке ашырууга жумшалмакчы.

Долбоорлорду ишке ашырууда, Казакстандын башкы өнөктөшү тоо-кен, агробизнес, транспорт жана логистика, финансы, туризм, медиа жана энергетика сыяктуу тармактарда кеңири таанымал болгон “Абу-Даби” (ADQ) эгемен фонду болмокчу. Фонд учурда 175 миллиард доллардан ашык активдерди башкарат.

Казакстандын премьер-министри көрүшмөдөн соң, Дубайда өтүп жаткан “EXPO 2020 Dubai” эл аралык көргөзмөсүндө болуп, анда Казакстандын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана башка өлкөлөрдүн соода павильондору менен таанышып чыкты.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/vizit-mamina-v-oae-pul-novih-sovmestnih-proektov-previsit-6-mlrd