20.10.21

2021-жылдын январь-сентябрь айларында, Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 28,22 миллиард долларга жетти, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 680,4 миллион долларга көп (2,5% пайызга өсүү) болду. Бул тууралуу, Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн ичинен экспорт 10,33 миллиард доллар болсо (2020-жылдын январь-сентябрына карата 17,2% пайызга төмөндөө байкалган), ал эми импорт  17,88 миллиард долларды (18,7% пайызга өсүү) түздү. Жыйынтыгында, тышкы соода балансы 7,55 миллиард доллардын пассивдүү балансын түздү.

Тышкы экономикалык иш-аракеттеги 20 ири өнөктөш өлкөнүн ичинде, ошондой эле төрт мамлекет менен активдүү тышкы соода балансы бар, атап айтканда Афганистан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркия. Ал эми калган 16 өлкө тышкы соода жүгүртүүнүн пассивдүү балансын сактап келүүдө.

Бүгүнкү күндө, Өзбекстан дүйнөнүн 179 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзүп келет. Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (19,1%), Россия  (18,1%), Казакстан (9,9%), Түркия (8,6%), Түштук Корея  (4,9%), Кыргызстан (2,4%) жана Германия (2,0%) менен катталган.

https://www.uzdaily.uz/ru/post/64560