25.10.21

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүк расмий иш сапарынын алкагында, Түркмөнстандын баш калаасы Ашкабад шаарында өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары биргелешкен маалымат жыйынында билдирүү жасашты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө, Түркмөнстан менен мамиле достуктун, жакшы коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун алкагында өнүгүп жатканын баса белгиледи.

Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кургак жана деңиз чек араларын мыйзамдуу каттоону аяктап жатабыз

Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн ортосунда бир нече тармактар боюнча келишимдерге кол коюлгандыгын билдирди.

Алардын арасында, Казакстан жана Түркмөнстан мамлекеттик чек арасы жана Каспий деңизиндеги ага чектеш балык уулоочу аймактарды белгилөө жана өкмөттөр аралык чек ара режими жөнүндө саясий чоң мааниге ээ болгон макулдашуулар дагы бар.

Казакстан Түркмөнстандан газ импортун көбөйтүүгө даяр

Өз ара сооданы көбөйтүү үчүн эки өлкөнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеген Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстанга 130 миллион долларлык продукция экспорттоого даяр экендиктерин баса белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берилгендигин белгилөө менен катар, Казакстан өзгөчө Түркмөнстан газынын импортун олуттуу түрдө көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле, Казакстандын президенти Түркмөнстандык кесиптеши менен транспорт жана транзит тармагындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулангандыгын билдирүү менен, “Казакстан-Түркмөнстан-Иран” автожолунун толук кандуу иштеши маанилүү экендигин белгилеп өттү.

Түркмөнстандан Карабогаз булуңуна көпүрө куруу аракети

Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан менен достук, ынак коңшулук жана орток тарыхый тамырга ээ болгондугу үчүн ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө чоң маани берилгенин баса белгиледи.

Ошондой эле өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов, өзгөчө Түркмөнстандын Карабогаз булуңунан Казакстандын авто жолуна биригүү үчүн көпүрө куруу демилгесин  билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө, Казакстан жана Түркмөнстандын ортосунда мамлекеттик чек аралардын аныкталышынан баштап, коопсуздук, соода, транспорт каттамы, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, телекоммуникация, маалымат, билим берүү жана маданият тармактарын камтыган бир катар келишимдерине кол коюулду.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/kazakistan-ile-turkmenistan-sinir-belirleme-anlasmasini-imzaladi/6176c6d801a30ab5d414d060