30.10.21

2021-жылдын алгачкы тогуз айында, Казакстандын Түркмөнстанга болгон дан эгиндеринин экспорту өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27% пайызга көбөйгөн.

Ошентип январь-сентябрь айларында, Казакстандын темир жолу аркылуу, Түркмөнстанга 13 миң тонна эгин жөнөтүлгөн. Бул тууралуу жума күнү “ElDala.kz”  маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дан эгиндерин экспортунун өсүшү боюнча лидер өлкөлөргө Түркмөнстандан тышкары Латвия, Азербайжан жана Иран кирет. Мисалы, Латвияга сатылган дан эгиндери  840% пайызга өскөн.

Иранга  болгон экспорт максималдуу өсүштү көрсөтүп  360 миң тонна, Россияга болгон экспорт 56 миң тонна (14% пайыз) жана Азербайжанга 5,600 тоннага (70% пайыз) көбөйгөн.

Ал эми Кытайга болгон дан эгиндеринин экспортту төмөндөп, өткөн жылга салыштырмалуу 51% пайызды түздү (270 миң тоннага аз). Ошондой эле Өзбекстанга эгин экспорту 390 миң тоннага кыскарган (16% пайызга аз). Тажикстанга болсо, экспорт 111 миң тоннага (14% пайызга аз) кыскарган.

Жалпысынан 2021-жылдын тогуз айында, Казакстандын темир жолу аркылуу экспортко 6 миллион 393 миң тонна эгин жөнөтүлгөн. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% пайызга же 684 миң тоннага аз.

Белгилей кетсек, жакында эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ашхабадга болгон расмий иш сапарынын алкагында, Түркмөнстанга жалпы суммасы 130 миллион доллардан ашык продукцияны, биринчи кезекте ун жана буудайдын көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирген.

https://business.com.tm/ru/post/7788/kazahstan-na-27-uvelichil-postavki-zerna-v-turkmenistan