01.11.21

Казакстандын Мангыстау облусуна караштуу Актау шаарында, облустун жетекчиси Нурлан Ногаевдин катышуусунда, мунай жана газ тармагында колдонолуучу трубаларды чыгаруучу завод ачылды.

Бул тууралуу “Kazpravda.kz” маалымат кызматы билдирди. Басма сөз кызматы билдиргендей, бул завод чакан жана орто диаметрдеги (530 милиметрге чейин) ичи жана тышы атайын керектүү зат менен изоляцияланган (трубанын сапаттын арттырып чирип кетүүдөн сактайт) трубаларды өндүргөн өлкөдөгү биринчи завод болуп саналат.

Завод жыл сайын нефть жана газ өнөр жайы үчүн зарыл болгон жалпы узундугу 700 километрге жеткен трубаларды чыгармакчы. Трубаларды өндүрүүдө, акыркы технологиялар колдонулат.

Заводун мүдүрү Мырзабай Ондагандын айтымында, инвестициялык долбоордун баасы 5 миллиард теңгени түзгөн жана 200 жаңы жумуш орундары пайда болду. Ошондой эле жумушчулар алдын ала атайын окутуу курстарын аякташкан.

Мангистау облусунун акими Нурлан Ногаев заводдун ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып: “Елбасы бир эмес бир нече жолу өлкөнү өнүктүрүүгө арналган программаларында, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп келген. Өлкө башчысы дагы биздин алдыбызга ушундай эле милдеттерди койду. Биз аймактын мунай жана газ тармагындагы жергиликтүү өндүрүшүн көбөйтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Мындай өндүрүштүк ишкананын ачылышы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүүдө” - деп билдирди.

Салтанаттуу аземге  ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер мажилистин депутаты Едил Жанбыршин жана шаардык ошондой эле облустук кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/pervii-v-rk-zavod-po-izgotovleniu-trub-dlya-neftegazovoi-promishlennosti-otkrili-v-aktau