06.11.21

Казакстанда  2025-жылга чейин 5 даана химиялык нефтегаз заводун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу, Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев билдирди.

“Казинформ” маалымат кызматына берген брифинг учурунда, Асет Иргалиев:“Казакстанда “Химиялык нефтегаз” өндүрүшүн өнүктүрүүнүн алкагында, ресурстук эмес экспортту көбөйтүү жана ички суроо-талапты канааттандыруу үчүн заманбап жогорку технологиядагы 5 даана ири химиялык  нефтегаз заводдору 2025-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда”, - деп билдирди.

Анын айтымында, мунун натыйжасында химиялык  нефтегаз өндүрүшүнөн өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 140 миң тоннадан 2 миллион тоннага чейин көбөйүп, импорт 87% пайыздан 72% пайызга төмөндөйт.

Асет Иргалиевдин айтымында, химиялык нефтегаз өндүрүшүнүн продукциясын экспорттоо 9 эсеге өсүп, андан түшкөн кирешенин көлөмү 1,4 миллиард долларга жетмекчи.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстанда 2025-жылга чейин өндүрүш тармагындагы ишканалардын үлүшүн көбөйтүү пландалып жатканы маалымдалган.

 https://kapital.kz/economic/100112/k-2025-godu-v-rk-otkroyut-5-neftegazokhimicheskikh-zavodov.html