09.11.21

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин 9-ноябрь күнү өлкөнүн инвестициялык штабынын жыйынында, жаратылыштан энергия алуунун булактарына (ЭКБ) багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу, премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди.

Тармактын жооптуу кызматкерлери акыркы 7 жылда Казакстанда жаратылыштан энергия алуунун булактары катары,  күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүргөн 126 станция ишке берилгендигин билдирди. 2030-жылга чейин электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча жаратылыш энергия булактарынын функционалдуулугун 3% пайыздан 15% пайызга чейин жогорулатуу пландалып жатканы баса белгиленди. Заманбап жаратылыштан энергия алуунун станцияларынын курулушуна 3 триллион теңгеге жакын инвестиция тартылмакчы.

Азыркы учурда, Казакстандын министрлер кабинети Арбиялык “ADQ” жана Франциялык “Total Energies” компаниялары менен жаңы объектилерди этап-этабы менен курууга катышуусу боюнча макулдашууга жетишилди.

Биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен  зыяндуу парник газдарынын көлөмүн 8 миллион тоннага кыскартууга жана көлөмү 20 миллиард киловатт саат болгон жашыл энергияны өндүрүү үчүн кошумча станцияларды курууга багытталган. Ошондой эле, инвестициялар улуттук саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын модернизациялоого багытталат. Жыйынтыгында, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин, жаратылыштан энергия алуунун булактарын жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча пландардын өз убагында аткарылышын камсыз кылууну тапшырды.

https://centralasia.news/12196-v-kazahstane-obem-investicij-v-zelenuju-jenergetiku-sostavit-3-trilliona-tenge.html