15.11.21

Жашылча-жемиш өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча инновациялык долбоор Казакстандык “НК KAZAKH INVEST” компаниясынын каржылык колдоосу менен  “Green Smart Farm” компаниясы тарабынан ишке ашырылууда. Жалпы баасы 3,4 миллиард теңге акча каражатын түзгөн күнөскана комплексинде 50 жакын туруктуу жумуш орундары түзүлүлмөкчү.

Биринчи этапта жылына  2,200 тоннага жакын жашылча жемиш өндүрүлмөкчү. Азыркы учурда күнөскананын курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жаткан учуру. Анын курулушу өлкөдө кабыл алынган “Ишкерликтин жол картасы – 2025” программасынын алкагында жергиликтүү бийликтин колдоосу менен ишке ашуусу пландалууда.

Долбоорду ишке ашыруу 2 этапты камтыйт. Экинчи этабында, өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 4 миң тоннага чейин жашылча өндүрүүгө жеткирүү пландалууда. Мындан тышкары Россияга продукцияны экспорттоо дагы каралган.

 “НК “KAZAKH INVEST” компаниясынын аймактык директору Данияр Шалабаев: “Бардык технологиялык жабдуулар Түштүк Кореядан алынып келинмекчи. Түштүк Кореялык өнөктөштөр менен бир нече жолугушууларды өткөрдүк. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, казакстандык компаниялар чет элдик өнөктөштөр менен дагы башка биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга эң сонун  мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле, күнөсканада жашылчанын бардык түрлөрү укроп, петрушка, сельдерей, райхан, айсберг жана башка көптөгөн түрлөрү өстүрүлмөкчү”- деп билдирди. Бүгүнкү күндө, Казакстандын ар бир облусунда бир катар токтоп турган өндүрүш базалары бар, алардын аймагында бизнес өкүлдөрү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышмакчы.

https://kapital.kz/economic/100343/na-severe-kazakhstana-postroyat-innovatsionnuyu-teplitsu.html