26.11.21

Казакстандын Түркстан шаарында өткөн Аймактар ​​аралык III форумда, Өзбекстан жана Казакстан 611 миллион долларлык келишимге кол коюшту. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттиги билдирди.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен “Чек ара кызматташуусу өсүүнүн жаңы чекиттери” деген темадагы Аймактар ​​аралык кызматташтыктын III форумуна ​​мамлекеттик органдардын, облустардын жетекчилери, ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Аталган жыйында соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, транзит, транспорт, суу-энергетика, өнөр жай кооперациясы, туризм жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Белгиленгендей, Өзбекстан менен Казакстандын үлүшүнө бардык Борбор Азиядагы аймактык сооданын 70% пайызга жакыны туура келет. 2021-жылдын 9 айында эки тараптуу соода 2,9 миллиард доллардан ашкан. Бул көрсөткүч 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,5% пайызга көптүк кылат. Быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча, Өзбекстан Казакстандын беш ири соода өнөктөшүнүн бири болушу мүмкүн. 2022-жылы өз ара сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга, ал эми  5 жылдын ичинде 10 миллиард долларга жеткирүү милдети коюлду. Эки өлкөнүн чек арасында “Борбор Азия” эл аралык соода-экономикалык кызматташтык борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Форумдун алкагында машина куруу, агроөнөр жай комплекси, курулуш материалдарын, электр буюмдарын, медициналык буюмдарды чыгаруу, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка тармактарда жалпы суммасы 611,3 миллион долларга 54 инвестициялык жана коммерциялык келишимдерге кол коюлду.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Түркстанга болгон иш сапарынын алкагында, интеллектуалдык мектептин ачылыш аземине катышып, Яссави күмбөзүн, “Ұлы Дала Елі” борборун, “Караван-Сарай” туристтик комплекстери менен таанышып чыгышты.

https://kabar.kg/news/uzbekistan-i-kazakhstan-zakliuchili-kontrakty-na-611-mln-v-ramkakh-mezhregional-nogo-foruma-v-turkestane/