30.11.21

Казакстанда 2025-жылга чейин суюлтулган газды өндүрүү 300 миң тоннага көбөйүп, жалпы 3,5 миллион тоннаны түзүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу, Казакстандын Энергетика министрлигинин башчысы Магзум Мирзагалиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Энергетика министри Магзум Мирзагалиевдин айтымында, аталган тармакка тартылган инвестициянын көлөмү 2025-жылга чейин 530 миллиард теңгени түзмөкчү. Мындан тышкары, товардык газ өндүрүү 1,5 миллиард кубометрге көбөйүүсү күтүлүүдө. Ошондой эле, Мирзагалиев суюлтулган газ өндүрүүнү көбөйтүү боюнча үч долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканын белгиледи.

Магзум Мирзагалиев: “Пландалган үч долбоордун биринчиси баасы  1,5 миллиард теңге турган жылына 60 миң тонна газды кайра иштетүүчү Актау шаарындагы аз кубаттуулуктагы заводу болуп эсептелет. Аталган завод үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Экинчи долбоор,  Жаңы-Өзөндө жайгашкан баасы 147 миллиард теңгени түзгөн кубаттуулугу 900 миллион куб метр газды кайра иштетүүчү жаңы заводдун курулушу болмокчу. Бул курулуштун аяктоо мөөнөтү 2023-жылы аягына чыкмакчы”, - деп билдирди.

Ошондой эле, энергетика министри Жаңы-Өзөндөгү завод 760 миллион куб метрге жакын товардык газды, 232 миң тонна суюлтулган газды жана 82 миң тонна пентан-гексан фракциясын (каучуктарды, углеводород эриткичтерин жана башка продукцияларды өндүрүү үчүн сырье катары колдонулат) чыгара турганын белгилеп өттү.

Ал эми үчүнчү долбоор, Магзум Мирзагалиевдин айтымында, быйыл Кашаган кенинде кубаттуулугу 1 миллиард кубо метр  болгон газды кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталды. Долбоордун баасы 380,8 миллиард теңгени түзөт. Аяктоо мөөнөтү план боюнча 2023-жыл.

Завод жылына 800 миллион кубометр товардык газ, 119 миң тонна суюлтулган газ, 35 миң тонна конденсат жана 212 миң тонна күкүрт өндүрмөкчү.

https://kursiv.kz/news/otraslevye-temy/2021-11/v-kazakhstane-uvelichat-proizvodstvo-szhizhennogo-gaza