01.12.21

Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев “EXPO 2020 Dubai” көргөзмөсүнүн алкагында өткөн соода-инвестициялык форумдун жыйынтыгынын негизинде, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен энергетика тармагындагы бир катар инвестициялык келишимдер түзүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги кабарлады.

Форумга Казакстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) мамлекеттик органдарынын, улуттук холдингдердин жана өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты. Казакстандын Энергетика министри Магзум Мирзагалиев өз сөзүндө: “Өлкөбүзгө, анын ичинде энергетика тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу жөнүндө сөз болуп жатат. Араб инвесторлору 6 миллиард доллардан ашык инвестиция кылууга даяр.

Кубаттуулугу 5 гигаваттка жакын жаңы станцияларды курууну пландоодобуз, анын 2 гигаватты күн станциялары, 2 гигаватты шамал станциялары жана 1 гигаватты газдан энергия өндүрүү станциялары болмокчу. Биз аларды өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырууну пландоодобуз”, – деп билдирип өттү.

Ошондой эле, энергетика министри белгилегендей, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) инвесторлору жаратылыштан энергия алуу тармагына кызыгууда.

Магзум Мирзагалиев: “Биз тараптан жер тилкелери берилмекчи. Мындан тышкары, электр энергиясы бериле турган пункттар системдик оператор тарабынан байланыш түйүндөрүн камсыз кылынуусу керек”, –  деп билдирди.

Аталган долбоорлор, электр энергетикасынын прогрессивдүү өнүгүшүн камсыз кылуу жана жаңы кубаттуулуктарды өздөштүрүүдө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Энергетика министри: “Учурда бүткүл дүйнө, анын ичинде Казакстан дагы, жашыл энергетика экономикалык багытын тандап алды. Ошондуктан кайра жаралуучу булактарга мындай инвестициялар абдан керек. Биздин милдет, Париж келишимине ылайык 2030-жылга карата зыяндуу заттарды абага чыгарууну 15% пайызга кыскартуубуз керек жана буга кошумча Казакстандын президентинин 2060-жылга карата энергетикалык нейтралдуулукка жетүү максатын жарыялаган. Ошондуктан ушундай долбоорлордун негизинде “жашыл өнүгүү” жолуна түшүүгө жеңил болмокчу”, – деп белгилеп өттү.  

Эскерте кетсек, учурда Казакстанда Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) компаниялары жалпы баасы 3,5 миллиард доллардан ашкан 11 ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга катышууда.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/kazahstan-zakluchil-ryad-investitsionnih-dogovorov-s-oae-v-sfere-energetiki