01.25.22

Казакстан бир нече жыл ичинде транзиттик жана транспорттук каттамдарды диверсификациялоо үчүн 20 миллиард доллар акча каражатын жумшай тургандыгын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди. Бул тууралуу “Интерфакс-Казакстан” маалымат агенттиги  жазып чыкты.

Токаев “Борбор Азия-Кытай” саммитинде белгилегендей, Казакстан бул тармакка  2025-жылга чейин инвестиция салууну пландоодо.

Мамлекет башчы белгилегендей,  “Дүйнөлүк банктын” (ВБ) маалыматы боюнча, Борбор Азияда транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү менен беш мамлекеттин ички дүң продуктусун (ИДП) 15% пайыздык деңгээлинде өсүшүн камсыздай алат.

Казакстандын президенти ошондой эле “Бир алкак – бир жол” программасын мындан ары куруу боюнча биргелешкен иштерди, анын ичинде кошумча наркы жогору ири долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

https://kursiv.kz/news/ekonomika/2022-01/kazakhstan-investiruet-20-mlrd-na-razvitie-transportnykh-kommunikaciy