31.01.22

Казакстандын Мангистау областындагы “Узен” кенинде кошумча чалгындоо иштеринин натыйжасында, жаңы мунай кендери табылды. Натыйжада, мунай өндүрүүнүн көлөмү 39,9 миллион тоннаны түзгөн. Бул тууралуу “Kazpravda.kz” маалымат агенттиги  “КазМунайГаз” компаниясынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

2017-жылы “КазМунайГаз” компаниясы, “Өзенмунайгаз” акционердик коому,   “КМГ Инжиниринг” жоопкерчилиги чектелген коому жана Актау шаарынын геологдорунун тобу “Узен” мунай кенин кошумча чалгындоо боюнча деталдуу программаны иштеп чыгышкан. Бул программанын алкагында, 2017-2021-жылдары жогорку 3D форматындагы сейсмикалык изилдөө (368 чарчы км) жүргүзүлүп, скважиналардын бүткүл фонду (7500дөн ашык) кайра интерпретацияланган, геологиялык концепция кайра каралып, геологиялык 3D модели түзүлгөн болучу. “КазМунайГаз” компаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта: “Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кендин структурасы такталып, жаңы мунай кендери ачылган. Жаңы табылган кендердин эсебинен, “Узен” кениндеги мунайдын запасы 8% пайызга көбөйдү. Бул сандык эсеп менен алганда 39,9 миллион тоннаны түзөт. 2021-жылдын акырына карата баардык табылган кендер жаратылыш запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын балансына кабыл алынды”,- деп  билдирилет. Учурда кенди иштетүү долбоору жаңы резервдерди эсепке алуу жана аларды өндүрүшкө киргизүүнү пландоо иштери  такталып жатат.

https://www.kazpravda.kz/news/ekonomika/novie-zalezhi-nefti-obnaruzhili-na-mestorozhdenii-v-mangistau