11.02.22

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушууда, Алихан Смаилов Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара аракеттенүү ишенимге жана өз ара түшүнүүгө негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын жаркын мисалы экенин баса белгиледи. Бул тууралуу, Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов: “Сиздин өткөн жылдын декабрь айында, Казакстанга болгон мамлекеттик сапарыңыз Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы масштабдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң түрткү берди. Эки өлкөнүн өкмөттөрү сиз менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун үстүндө тыгыз кызматташып жатышат. Биздин союздаштык мамилелерибиз үчүн бекем жана туруктуу экономикалык платформаны түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда”, -  деп белгилеп өттү.

Казакстандын өкмөт башчысы, кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жогорку динамикасын белгиледи. Алихан Смаиловдун айтымында, Өзбекстан Казакстандын Борбор Азиядагы негизги соода өнөктөшү.  2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу сооданын көлөмү 33% пайызга өсүп, 4,3 миллиард долларды түзгөн. Жакынкы жылдарда бул көрсөткүчтү 5 миллиардга жеткирип, орто мөөнөттүү келечекте 10 миллиард долларга жеткирүү пландалууда. Учурда Казакстан менен Өзбекстанда 3 миңге жакын биргелешкен ишканалар иштейт.

Казакстандын Премьер-министри машина куруу, жеңил өнөр жай жана кайра иштетүү секторунун башка тармактарында эки өлкөнүн кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгиледи. Автоунаа өнөр жайы, айыл чарба техникасын чыгаруу жана текстиль өнөр жай тармагында 5 биргелешкен долбоор ишке ашырылууда. Курулуш тармагында жана машина курууда 365 миллион долларга жакын 7 долбоор иштелип жатат.

Өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташуу боюнча президенттердин атайын өкүлдөрүнүн механизми киргизилди. Эки өлкөнүн чек арасында “Борбор Азия” эл аралык өнөр жай кызматташтыгы борборун түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Сапардын жыйынтыгында, орто мөөнөттүү келечекте айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча “Жол картасына” кол коюлду.

Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү машина куруу, агроөнөр жай комплекси жана логистика тармагында жалпы суммасы 661 миллион долларды түзгөн бир катар коммерциялык документтерге кол коюшту.

Ташкентте Алихан Смаилов Технопарктын өндүрүштүк-техникалык, электрондук, курулуш жана тиричилик буюмдарын чыгаруучу зонанын иши менен таанышып чыкты.

https://kapital.kz/economic/102846/kazakhstan-i-uzbekistan-podpisali-dorozhnuyu-kartu-po-sotrudnichestvu-v-sel-skom-khozyaystve.html