14.02.22

2021-жылы Казакстан менен башка өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмү 2020-жылдагы көрсөткүчтөн 17,4% пайызга ашып, 101,5 млрд долларды түздү. Сооданын негизги үлүшүн кайра иштетилген товарлар түзгөн. 2021-жылы бул көрсөткүч 58,1 млрд долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 12% пайызга жогору болду. Бул тууралуу, Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, Казакстандан сыртка  болгон экспорт 2021-жылы 26,9% пайызга өсүп, 60,3 млрд долларды түзгөн. Импорт 5,8% пайызга өсүп, 41,2 млрд долларды түздү.

Казакстандын негизги экспорттук товарларына: чийки мунай, жез жана жез катоддору, ферросплавдар, жаратылыш газы, уран, темир рудалары жана концентраттары, жез рудалары жана концентраттары, буудай, болот, мунай продуктулары кирет.

Казакстанга импорттолуучу негизги товарлар: компьютерлер, автомобиль кузовдору, автомобилдер жана тракторлордун тетиктери, телефондор, чекене сатуу үчүн таңгакталган дары-дармектер, ошондой эле вакциналар, кан сывороткалары болгон.

2021-жылы Казакстандын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүнө, биринчи орунда Россия  эки тараптуу сооданын жалпы көлөмү 24,2 млрд долларды түзгөн. Экинчи орунду Кытай товар жүгүртүү болжол менен 18,2 млрд долларды түзгөн. Үчүнчү орунда Италия  өз ара сооданын көлөмү 9,6 млрд доллардан ашкан.

Алдыңкы соода өнөктөш өлкөлөрдүн ондугуна Түркия,  Нидерландия, Өзбекстан, Франция, Түштүк Корея, АКШ, Германия, Индия, Испания, Румыния, Греция, Швейцария өлкөлөрү кирди.

https://kapital.kz/economic/102876/za-2021-god-tovarooborot-kazakhstana-sostavil-101-5-mlrd.html