16.02.22

Казакстандын Алматы облусунда жалпы аянты 200 миң чарчы метрди түзгөн А+ классындагы автоматташтырылган логистикалык хаб курулат. Жаңы долбоор өлкөдө эң ири хаб болуп калмакчы. Бул тууралуу, “Kapital.kz” маалымат кызматы билдирди.

Бул логистикалык хаб пайдаланууга берилиши менен облустун экономикасына 200 миллион доллар инвестиция тартылып, 1,500 жаңы жумушчу орун түзүлөт. 16-февралда логистикалык хаб куруу боюнча меморандумга Алматы облусунун акими Канат Бозумбаев жана “AIRBA FF” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы, Эдуард Ким кол коюшту.

Канат Бозумбаев бул долбоор жалпысынан экономикага мультипликативдик эффект берерин баса белгилеп келип: “Алматы облусу үчүн бул абдан кызыктуу жана маанилүү долбоор болуп саналат. Мен 21-кылымдын духунда айтаар элем, заманбап санариптик технологиялар колдонулуп жатат. Биринчиден, логистикалык хаб биздин фермерлердин айыл чарба продукциясын сатуу үчүн жаңы терезени түзөт. Бул абдан маанилүү, анткени өлкөнүн агроөнөр жай комплексинин өндүрүшүнүн болжол менен 28-30% пайызы Алматы облусуна туура келет. Экинчиден, бул аларга финансылык рычагдарды берет, бул чакан жана орто бизнести колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деп белгилеп өттү.

“Airba” компаниясы жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, логистикалык хабдын иштеши үчүн Алматы облусундагы IT университетинин филиалынын базасында, кадрларды даярдоо, жарандарга мамлекеттик финансылык кызматтарды көрсөтүү үчүн финтех платформасын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү макулдашты.

Жаңы логистикалык хабдын курулушу менен чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү, дистрибьюторлор жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн атайын кампалар салынат. Логистикалык хабдын ишмердүүлүгү толугу менен WMS маалымат системасы менен башкарылат. Мисалы, кардарларга жана өнөктөштөргө товарларды убагында  жеткирүү, бизнестин ыңгайлуу иштеши үчүн бардык зарыл болгон инфраструктуралык шарттар түзүлөт.

Эскерте кетсек, жаңы логистикалык хабды куруп жаткан “AIRBA FF” компаниясы курьердик жеткирүү, санариптик технологиялардын негизинде кабыл алуу пункттарын куруу менен алектенген компания болуп саналат.

 https://kapital.kz/economic/102968/krupnyy-logisticheskiy-khab-postroyat-v-almatinskoy-oblasti.html