21.02.22

2021-жылы Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 101,5 миллиард доллардан ашты. Анын ичинен экспорт 60,3 миллиард доллар, импорт 41,1 миллиард долларды түзгөн. Бул тууралуу,  “Kapital.kz” бизнес-маалымат борборунун кабарчысы Улуттук статистика бюросунун маалыматына таянуу менен билдирди.

Казакстандын 2021-жылы тышкы соодасынын эң чоң көлөмү Азия өлкөлөрүнө туурал келет. Көрсөткүч 33,3 млрд долларды же 32,8% пайызды түзгөн. Тышкы соода жүгүртүүдө, алдыңкы орунда  КМШ өлкөлөрү 32,8 млрд доллар же жалпы көлөмдүн 32,3% пайызы жана Европа мамлекеттери 31,5 млрд доллар же 31,1% пайызды түзгөн.

Казакстан 2021-жылы өндүргөн товарынын басымдуу бөлүгүн Европа өлкөлөрүнө экспорттогон. Жыл ичинде европа өлкөлөрүнө 25,2 миллиард долларлык продукция экспорттолгон. Бул жалпы экспорттун 41,8% пайызын түзөт. Ошол эле учурда 14,7% пайызы же 8,8 млрд доллар Италияга, дагы 7% пайызы же 4,3 млрд доллар Голландияга жана 4% пайызы же 2,3 млрд доллар Францияга туура келет.

Ошол эле учурда, Казакстан негизинен КМШ өлкөлөрүнөн керектүү товарларды импорттоп алып келет. Жыл ичинде бул көрсөткүч 20,4 миллиард долларга жеткен. Бул жалпы импорттун 49,6% пайызын түзсө, анын 42,1% пайызы же 17,3 млрд доллары Орусиядан келет. Импорттун дагы 30% пайызы Азия өлкөлөрүнө, анын ичинен 20,2% пайызы же 8,3 млрд доллар Кытайдын үлүшүнө туура келет.

Сооданын көлөмү боюнча, Казакстандын 10 ири соода өнөктөштөрүнө Россия (24,2 млрд доллар, 23,9%), Кытай (18,1 млрд доллар, 17,9%), Италия (9,6 млрд доллар, 9,5%), Нидерланд (4,6 млрд доллар, 4,5%), Түркия (4,1 млрд доллар, 4%), Өзбекстан (3,9 млрд доллар, 3,8%), Түштүк Корея (2,6 млрд доллар, 2,6%), Германия (2,2 млрд доллар, 2,2%), Индия (2 млрд доллар, 2%) жана Испания (1,8 доллар) млрд, 1,8% мамлекеттери киришет.

https://kapital.kz/economic/103101/za-2021-god-kazakhstan-importiroval-tovary-na-41-1-mlrd.html