25.02.22

Казакстандын Соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төрөбаев, Индиянын Казакстандагы элчиси Шубдаршини Трипати менен жолугушту. Көрүшмө учурунда, Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Казакстан-Индия өкмөттөр аралык комиссиянын XIV отурумунун күн тартиби талкууланды. Бул тууралуу, Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Казакстан Индиянын негизги соода өнөктөшү болуп саналат. 2020-жылы Индия жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүдө, Казакстандын үлүшү 80,7% пайызын түзгөн. Ал эми Индияга товар экспорттоодо 98,9% пайызын түзгөн.

Казакстан менен Индиянын ортосундагы өз ара соода жүгүртүү 2021-жылы 2 миллиард долларды түздү. Кайрат Төрөбаевдин айтымында, Казакстан 609,5 миллион долларга товардын 80 түрү боюнча сооданы көбөйтүүгө даяр. Аларга, металлургия  (415,7 млн. доллар), химия (76,9 млн. доллар), тамак-аш (63,5 млн. доллар), курулуш (23,6 млн. доллар), машина куруу (23,6 млн. доллар) фармацевтика (7 млн ​​доллар).

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык, өндүрүштүк жана маданий кызматташтык боюнча, Казакстан-Индия өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы отурумунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Алдыда боло турган өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун алкагында, талкуулоого пландалган негизги маселелер атом энергиясын тынчтык максатта пайдалануу, өнөр жай, соода жана инвестиция, транспорт тармагы кирет.

Тараптар Казакстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу сооданын негизги тоскоолдугу транспорттук байланыш экенин белгилешти. Казакстан тарап “Хоргос” чек ара кызматташтыгы эл аралык борборунун аймагына жана чек ара соода-экономикалык түйүндөрүнө биргелешкен долбоорлорду инвестициялоону сунуштады.

https://kapital.kz/economic/103296/tovarooborot-mezhdu-rk-i-indiyey-sostavil-2-mlrd-v-2021-godu.html