04.03.22

2021-жылдын 9 айында Түркиядан Казакстанга келген түз инвестициянын көлөмү дээрлик эки эсеге көбөйүп, 534,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу, “KAZAKH INVEST” башкармалыгынын төрагасы Мейиржан Юсупов билдирди.

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан “Түркия-Казакстан” форумунда, Мейиржан Юсупов: “Түрк бизнеси негизинен агро өнөр жай комплекси, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, машина куруу долбоорлоруна инвестиция салат. Бирок фармацевтика, транспорт, логистика жана тоо-металлургия тармагында да чоң долбоорлор бар”, - деп билдирди.

Буга чейин, Түркиялык инвесторлор тарабынан ишке ашырылган ири долбоорлорго: “Abdi Ibrahim”, “YDA Holding”, “Yildirim Holding”, “Aselsan”, “ULKER”, “Okan Holding”, компаниялары жана суусундуктарды чыгарган “Anadolu Group” компаниясы Казакстандын экономикасына 700 миллион доллардан ашык инвестиция салып, 2,400 адамды жумуш менен камсыз кылган.

Коронавирус пандемиясынын натыйжасында 2020-жылы дүйнөдө түз инвестициянын көлөмү 42% пайызга, Казакстанда 30% пайызга кыскарган. Буга карабастан 2020-жылы Казакстанга Түркиянын инвестициясынын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,3 пайызга өсүп, 362,4 миллион долларды түздү. Ал эми өткөн жылдын 9 айында, Түркиядан Казакстанга келген инвестициянын көлөмү 534,6 миллион долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге өскөн.

Эскерте кетсек, Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын жумушчу сапарынын алкагында, Нур-Султан шаарында «Казак-Түрк» бизнес форуму болуп өттү. Форумга эки өлкөнүн бизнес жана мамлекеттик органдарынын 250 ашуун өкүлдөрү катышты. Иш-чара Казакстан менен Түркиянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы ишкерлердин байланыштарын чыңдоо үчүн аянтча түзүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин соода жана инвестиция тармагындагы кызматташуусунун келечегин талкуулоого багытталган.

https://kapital.kz/economic/103544/ob-yem-turetskikh-investitsiy-v-rk-vyros-pochti-v-dva-raza.html