04.03.22

Түркия Казакстандын эң приоритеттүү соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири. Өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 33% пайызга өсүп, 4,1 миллиард доллардан ашкан. Түркия акыркы 15 жылда Казакстандын экономикасына 3,5 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Бул тууралуу, “Казакстан-Түркия” бизнес форумунун жүрүшүндө белгилүү болду, деп жазат “primeminister.kz.” маалымат агенттиги.

Форумда сөз сүйлөгөн Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, бүгүнкү күндө түркиялык инвесторлордун Казакстанга кызыгуусу олуттуу өскөнүн белгиледи. Алихан Смаилов: “Пандемияга карабастан, Казакстан үч жылдан бери Түркиядан рекорддук көлөмдө инвестиция тартууда. Өткөн жылдын 9 айында, Түркиядан келген тике чет элдик инвестициянын дүң агымы дээрлик эки эсеге өсүп, 535 миллион долларга жеткен.

Бул көрсөткүч, Казакстанга болгон чоң ишенимдин белгиси жана биздин өлкө инвестициялык климатты жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканынын далили”, - деп билдирди.

Казакстанда Түркиянын капиталы менен 3,700 жакын компания иштеп жатат. Жалпысынан 2 миллиард долларга жакын 58 ири долбоор биргеликте ишке ашырылган. Тоо-кен металлургия комплекси, инфраструктура, тамак-аш өнөр жайы жана фармацевтика сыяктуу тармактарда долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырыла баштады. Ишке ашыруу стадиясында 2,5 миллиард долларга жакын 27 долбоор бар, ошондой эле 1 миллиард доллардан ашык 55 келечектүү долбоорлор биргелешип иштелип чыгууда. Казакстандын премьер-министринин айтымында, Казакстан коронавирус (COVID-19) менен байланышкан экономикалык кесепеттерди жеңе алды. Маселен, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, өнөр жайынын өсүүсү 3,8% пайызды, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайында 5,5% пайызды түздү.

Казакстан дагы энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жогорку тажрыйбага ээ болгон Түркиялык компанияларынын катышуусуна кызыкдар.

Форумдун жыйынтыгында 10 коммерциялык документке кол коюлду. Келишимдерди ишке ашыруунун алкагында инвесторлор Батыш-Казакстан облусу менен Актөбө облустарында аба жүктөрү менен транспорттук-логистикалык борборлорду, Алматы шаарында фармацевтикалык заводду, медициналык буюмдарды, беткаптарды жана респираторлорду чыгаруучу ишкана, дат баспаган болоттон жасалган буймдарды өндүүрүүчү завод куруу каралууда. Бул долбоорлорго жумшала турган инвестициянын жалпы көлөмү жарым миллиард долларга жакын болмокчу.

https://kapital.kz/economic/103545/na-kazakhstansko-turetskom-biznes-forume-podpisali-10-dokumentov.html