09.03.22

Казакстан жана Азербайжан Транскаспий эл аралык транспорт каттамын өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу, Казакстандын “Самрук-Казына” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын төрагасы Алмасадам Саткалиев баштаган  делегациянын Азербайжанга болгон иш сапары учурунда белгилүү болду.

Жаңы биргелешкен ишкана тарифтерди түзүү жана жүктөрдү декларациялоо аркылуу маселелерди чечүүгө, бирдиктүү IT-чечимдерди кабыл алууга жана бул каттамдагы транзиттик жүктөрдү консолидациялоого мүмкүндүк берет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө, Казакстандын делегациясынын өкүлдөрү, Казакстандан Европага экспорттук жүк агымын транскаспий багыты боюнча кайра багыттоонун актуалдуулугун белгилешти. Тараптар Азербайжан аркылуу мунай ташуу тармагында кызматташуунун олуттуу потенциалын белгилешти.

Мындан тышкары, Казакстандык делегация Азербайжандын Санариптик өнүгүү жана транспорт министри Рашад Набиев менен дагы  жолугушту.

Жолугушууда транспорттук тарифтерди унификациялоо, мамлекеттер аркылуу өткөн эл аралык транспорт коридорлору боюнча жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү үчүн бажы процедураларын синхрондоштуруу талкууланды. Аймакта болуп жаткан окуялар жана геосаясий кырдаал жаңы реалдуулукту жаратканы белгиленди. Азыркы учурда суроо-талап сунуштан ашып кетүү ыктымалдыгы бар жана бул факторлор акыркы керектөөчүгө таасирин тийгизет. Мисалы, товарды жеткирүүнүн баасы дагы күтүү мөөнөтү да жогорулайт. Бул реалдуулук кызматташтыкты жаңыдан кайра карап чыгууну жана транзиттик-транспорттук коммуникацияларды түзүүнү талап кылмакчы.

Жолугушууда Азербайжан менен Казакстандын географиялык өзгөчөлүгү, алардын Европа менен Азиянын ири экономикалык борборлорунун ортосунда жайгашуусу өлкөлөр ортосунда эффективдүү жана жакшы жолго коюлган транспорт тармагын камсыз кылуу үчүн реалдуу өбөлгөлөрдү түзгөндүгү баса белгиленди. “Баку-Тбилиси-Карс” темир жолунун курулушунун аякташы каттамды өнүктүрүүгө кошумча түрткү болду. Темир жол, Кытайдан Түркияга Казакстан аркылуу товар жеткирүү мөөнөтүн 12 күнгө чейин кыскартууга мүмкүндүк берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Самрук-Казына” акционердик коомунун (ААК) жана Азербайжандын Санариптик өнүгүү жана транспорт министрлигинин ортосунда биргелешкен ишкана түзүү жана транспорттук-логистикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу жөнүндө протоколго кол коюлду.

https://kapital.kz/economic/103632/kazakhstan-i-azerbaydzhan-sozdayut-transportno-logisticheskiy-marshrut.html