10.03.22

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, Казакстандан Кыргызстанга 1000 тонна элиталык буудай үрөнү  гуманитардык жардам катары жеткирилди. Бул тууралуу,  Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гуманитардык жүктү тапшыруу аземи “Бишкек-1” темир жол станциясында, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев жана Кыргызстандын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун катышуусунда болуп  өттү.

Кыргызстандын Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Казакстандын өкмөтүнө, кыргызстандык дыйкандардын буудайынын сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган элиталык буудай үрөнүн берген баалуу колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, Казакстандын элчиси гуманитардык жүктөрдү жеткирүү мамлекет башчысынын тапшырмасы, Казакстандын өкмөтү жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен уюштурулгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын май айында гуманитардык жардам катары 5 миң тонна ун  Казакстан тарабынан берилген болучу. 2021-жылдын май айында гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун Кыргызстанга  жөнөтүлгөн.

Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев:  “Казак жана кыргыз бир тууган эл деп бекер айтышпайт. Эки элдин кызматташтыгы мындан ары да чыңдалат деп ишенем”, - деп  белгилеп өттү өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, мындай иш-чара биздин элдер үчүн ар дайым жаңылануунун, прогресстин жана өнүгүүнүн символу болгон жаркын Нооруз майрамынын алдында өтүп жатат.

https://kazpravda.kz/n/1000-tonn-semyan-otbornoy-kazahstanskoy-pshenitsy-peredano-kyrgyzstanu/