03.22.22

Актау деңиз портунун (Казакстан) администрациясы жүк ташуу үчүн Өзбекстандык компаниялардан арыздарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу, “Dunyo” маалымат агенттиги билдирди.

Мындай макулдашуу, Өзбекстандын Актау шаарындагы башкы консулу менен “Актау соода деңиз порту” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Абай Турикпенбаевдин жолугушуусу учурунда жетишилди. Көрүшмөдө тараптар Өзбекстандын продукциясын Актау порту аркылуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө ташуу маселесин талкуулашты.

Актау (Казакстан) деңиз порту Каспий деңизинин чыгыш жээгинде бир нече эл аралык транспорт коридорлорунун кесилишинде жайгашкан, кургактык менен алынып келген жүктөрдү, чийки мунайзат жана мунай продуктуларын чыгыштан батышка, түндүктөн түштүккө жана  Иран, Түркия, Россия, Азербайжан, Түркмөнстан багытында жылына 12 ай жана суткасына 24 саат өткөрүп турат.

https://centralasia.media/news:1770109