04.04.22

Казакстанга 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча келген тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын дүң агымы 23,7 миллиард долларга жеткен. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 37,7% пайызга (17,2 млрд доллар) жогору. Бул тууралуу, “KAZAKH INVEST” басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылы Казакстандын экономикасына инвестиция салуу боюнча көлөмү жагынан эң көп болгон алдыңкы беш өлкө бул жылы дагы өзгөрүүсүз калган. Аларга, Нидерланды, Америка, Швейцария, Россия жана Кытай инвестиция салууда 25% пайыздан 92% пайызга чейин өсүшү менен лидерликти ишенимдүү кармап турушат. Жогоруда аталган өлкөлөрдөн келген инвестициялардын үлүшү тартылган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 68,3% пайызын түзөт.

Ошондой эле инвестиция салуу боюнча алдынкы 10 өлкөнүн ичинде олуттуу өзгөрүүлөр болду. Бельгия 35,1% пайыздык өсүшү менен Англияны 6-орундан сүрүп чыгарды. Түштүк Корея 73,2% пайыздык өсүш менен 9-орундан 8-орунга жылып, инвестициялык донорлордун ондугуна кирген француз инвесторлорунан алдыга чыккан. Түркиялык инвесторлору дагы Казакстанга капиталдык салымдарын 87% пайызга өсүүсүн камсыздап, рейтингде Франциядан озуп 9 орунду ээлеген.

Казакстандын экономикасына 2021-жылы инвестиция салган алдынкы  10 инвестор өлкө:

  1. Нидерландия – 7,0 миллиард доллар
  2. Америка – 2,8 миллиард доллар
  3. Швейцария – 2,6 миллиард доллар
  4. Россия – 1,9 миллиард доллар
  5. Кытай – 1,8 миллиард доллар
  6. Бельгия – 1,06 миллиард доллар
  7. Улуу Британия – 1,02 миллиард доллар
  8. Түштүк Корея – 805,5 миллион доллар
  9. Түркия – 679,5 миллион доллар
  10. Франция – 603,1 миллион доллар

Эскерте кетсек, Казакстандын өкмөтү 2021-жылдын аягына чейин 19 миллиард доллар чет элдик инвестицияны тартууну пландаган болучу.

https://kapital.kz/economic/104293/v-2021-godu-ob-yem-inostrannykh-investitsiy-v-rk-prevysil-23-mlrd.html