05.04.22

Казакстан жана Түркиянын мамлекет башчылары Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайып Эрдоган 4-апрель күнү телефон аркылуу байланышып, көп кырдуу экономикалык жана саясий мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты. Бул тууралуу, президенттин  маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчылары ыйык Рамазан айы жана март айында дипломатиялык байланыштар орнотулгандыгынын 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоолор менен алмашышты.

Эки өлкөнүн башчылары, соода-экономикалык мамилелердин позитивдүү багытта  өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Бул багытта, Казакстандын президенти эки тараптуу сооданын көлөмүн акырындык менен 5 миллиард долларга, андан соң жакынкы келечекте 10 миллиард долларга жеткирүү жогорку мааниге ээ экендигин билдирди.

Өз кезегинде, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Казакстандын президентинин май айына белгиленген Анкарага мамлекеттик иш сапарынын алкагында, сүйлөшүүлөрдүн жемиштүү болушуна чоң үмүт артарын билдирди. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, болочокто боло турган эки тараптуу  жолугушуу мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө жаңы дем бере тургандыгын белгилеп өттү.

Мамлекет башчылары учурдагы геосаясий абалды дагы талкуулашты. Бул теманын алкагында, Касым-Жомарт Токаев Түркиянынын лидеринин актуалдуу маселелерди чечүүдө тынчтыкты сактоодо  жасап жаткан иштерин жогору баалады.

https://centralasia.news/14554-tokaev-tovarooborot-s-turciej-dolzhen-vyjti-na-obem-10-milliardov-dollarov.html