08.04.22

Казакстандын Алматы облусунда ​​курулуп жаткан кубаттуулугу 60 мегават (МВт) болгон жаңы шамал электр станциясы 2022-жылдын август айынын башында ишке киргизүү пландалууда. Станция жылына 225,7 миллион киловат (кВт) саат электр энергиясын иштеп чыгат. Шамал электр станциясын куруу жана ишке киргизүү зыяндуу парник газдарынын бөлүнүп чыгуусун 206 миң тоннага чейин азайтат. Бул тууралуу, “Kapital.kz” бизнес-маалымат борбору билдирди.

Энергетикалык объект Алматы облусунун Енбекши-Казак районунда жайгашкан “Шелек” өзөнүндө курулуп жатат. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча уникалдуу аймак болуп эсептелет. Бул аймакта 50 метр бийиктикте шамалдын орточо жылдык ылдамдыгы 7,8 м/с түзөт жана шамалдын агымынын тыгыздыгы 310 Вт/м2 барабар. Келечекте шамал электр станциясынын кубаттуулугун 300 мегаваттка (МВт) чейин көбөйтүү пландалууда.

Жалпы наркы 37,4 миллиард теңге болгон долбоор ар биринин номиналдык кубаттуулугу 2,5 мегават (МВт) болгон 24 шамал турбинасы, көмөкчү чордондор, электр чубалгылары жана ага тиешелүү инфраструктурасы курулмакчы. Станциянын негизги жабдууларын “GoldWind” компаниясы өндүргөн. Долбоорду “Самрук-Энерго” компаниясы “Power China” корпорациясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Бүгүнкү күндө “Самрук-Энерго” кайра жаралуучу энергиянын 5 объектисин иштетет. Алардын жалпы электр энергиясын өндүрүүсү 2021-жылы 325,3 миллион киловат (кВт) саатты түзгөн. Бул көрсөткүч, Казакстанда бардык кайра жаралуучу энергия булактарынан өндүрүлгөн  энергиянын көлөмүнүн 7,7% пайызын түзөт.

Азыркы учурда “Самрук-Энерго” компаниясы, Акмола облусунун аймагында кубаттуулугу 50 мегават (МВт) болгон шамал электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууда.

https://kapital.kz/economic/104427/v-avguste-v-almatinskoy-oblasti-zapustyat-vetroelektrostantsiyu.html