04.12.22

Грузия, Азербайжан, Түркия жана Казакстандын ортосундагы “Орто коридор” (Middle Corridor)  биргелешкен компанияны түзүү иштелип чыгууда жана 2023-жылдын башында же ортосунда расмий түрдө даяр болушу күтүлүүдө.

Бул тууралуу, Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту (TITR) ассоциациясынын башкы катчысы Гайдар Абдыкаримов билдирди.

Гайдар Абдыкаримов: “Ооба, биргелешкен компания расмий түрдө түзүлүп жатат, бирок биз жок дегенде жылдын аягына чейин күтүшүбүз керек. 2023-жылдын орто ченинде компания расмий болуп калышы ыктымал”, - деп  белгилеп өттү.

Анын айтымында, мындай биргелешкен компания “Орто коридор” (Middle Corridor)  баалуулук кошот, анткени ал жүк ташуу процесстерин жеңилдетип, бир нече өлкөлөрдүн аймагы  аркылуу товарларды ташып  өтүүнү жеңилдетет.

Буга чейин 31-мартта төрт өлкө  Грузия, Азербайжан, Түркия жана Казакстан Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүү боюнча төрт тараптуу билдирүүгө кол коюшкан. Ал кызматташтыкты бекемдөөгө жана коридорду бойлото жайгашкан өлкөлөрдүн транзиттик потенциалын жогорулатууга багытталган.

Билдирүүдө Транскаспий транспорттук коридорун эл аралык транспорт системасына интеграциялоо үчүн трассанын боюнда жайгашкан өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана инфраструктураны өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын маанилүүлүгү баса белгиленет. “Баку-Тбилиси-Карс” темир жол линиясынын Евразиядагы ташууда атаандаштык артыкчылыктарын жогорулатуу жана бул коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштерди тездетүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

https://kabar.kg/news/kazakhstan-aktiviziruet-gruzoperevozki-cherez-transkaspiiskii-marshrut/